Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Кубанычбек Конгантиев шайланды. Анын талапкерлигин 45 депутаттын ичинен 41и колдогон. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу шаар тургундарына жана кесиптештерине кайрылды.
Анда ал аны депутат кылган элге жана шаардык кеңешке, депутат кылган кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, алдыдагы пландары тууралуу айткан.
"Урматтуу шаар тургундары, кесиптештер жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары! Мени жана менин талапкерлигимди Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына колдогонуңуздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем!
Жаңы шайланып келген БШКнын депутаттарынын курамы абдан сапаттуу болду деп эсептейм. Себеби арабызда жаш, креативдүү ой жүгүртүүсү менен өзгөчөлөнгөн улан-кыздарыбыз бар. Ошол эле учурда тажрыйбалуу, кызуулукка алдырбай, токтоо ой жүгүртүп, эски системалык каталарды кетирбөөгө олуттуу салым кошуп, жаштар менен биргеликте натыйжалуу чечимдерди кабыл алып иш алып барганга кудурети жете турган кесиптештерим бар.
Урматтуу менин шайлоочуларым! Үгүт учурунда сиздер менен чогуу пландаштырып, кыялданып, максат койгонубуздун бардыгын ишке ашырганга чын дилимден аракет кыларымды дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. Сиздердин сын-пикирлериңиздерди капка салып угуп, кеңешиңиздерге ыраазычылыгымды билдирип, дайыма ачык-айкын иштөөгө даяр экендигимди билдиргим келет", - деп жазды Конгантиев.