Кыргыз өлкөсүнүн биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Учурда ал УКМКнын имаратында. "Кумтөр" боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Акаевдин катышуусунда териштирүү жүргүзүлөт", - дешти мекемеден.
Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайгашкан тараптагы Эркиндик бульвары жакта жол убактылуу жабык. Имараттын айланасында күч органдарынын кызматкерлери унаалары менен турушат. Ошондой эле журналисттер топтоло башташты.