Исмаил Исаков: "Аксы окуясынын башталышындагы көрүнүш кайталанып келе жатат"

Парламентте Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы кырдаал боюнча маселе каралууда. Айрым депутаттар Жети-Өгүздөн келген тургундарды жыйынга киргизип сөз берүүнү айтышууда. Депутат Исмаил Исаков Жети-Өгүздөгү кырдаалды 2002-жылдагы Аксы окуясынын башталышындагы көрүнүшкө салыштырды.  

“Аксы окуясынын келип чыгышына себеп болгон көрүнүштөр учурда кайталанууда. Саруудагы кырдаалга бийлик чара көрбөсө болбойт. Саруудагы митингге УКМКнын балдары эмнеге барды? Эмне жергиликтүү тургундар мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратып жатабы?” деди Исаков.  

Аксы окуясынын башталышы кайталанып жатканын депутат Ахматбек Келдибеков да айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан