"Бишкек шаар лифт" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн лифттерин модернизациялоону баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыр ишкананын кызматкерлери 7-кичи райондогу №25, 33, Юг-2 кичи району №10, 4, 9, Үсөнбаев көчөсүндөгү №3, Ибраимов көчөсүндөгү №26, 30 үйлөрдө жаңы лифт жабдууларын орнотуунун үстүндө иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, апрель айында лифт жабдууларын жеткирүү боюнча тендер өткөрүлүп, жеңүүчү Беларусь Республикасынан жеткирүүчү “Могилёвлифтмаш” компаниясы болгон. Техника борборго июль айында келген.