“Каракол шаарындагы митингдин уюштуруучуларын укук коргоо кызматкерлери сабады деген маалымат тастыкталган жок”,- деди башкы прокурор Аида Салянова ЖКнын 30-октябрдагы жыйынында. Жыйында Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы кырдаал талкууланып жатат. “Эч кандай укук коргоо кызматкерлери митингчилерди сабаган эмес. Болгону балдарды кармоо учурунда самбо ыкмасы колдонулган. Бул боюнча Каракол шаардык соту да эч кандай мыйзамсыз аракеттер болбогондугу боюнча чечим чыгарды”,- деди Салянова.
Буга депутат Равшан Жээнбеков макул эмес.
“Аксы окуясында да ушундай болгон. Азыр баары жакшы, эч кандай мыйзам бузуу болгон жок дегендер, бир мезгил келип жооп бересиңер”,- деди депутат.