"Кыргыз өлкөсүнүн туңгуч президенти Аскар Акаевди карыган адам катары гана кароого болот... Андан ашык эмес". Мындай пикирин экс-депутат Исхак Масалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Экс-президент Аскар Акаев өлкөгө келди. Ал тергөөчүгө барып, Садыр Жапаров менен жолугуп, ыраазычылыгын ачык айткан. Президент тарабынан Акаевдин кабыл алуусу - урматтоонун ачык көрүнүшү. Кызыгы, 2005-жылы мартта Аскар Акаевди Москвада кызматтан кетирүү арызын алып кеткендердин арасында жаңыдан шайланган депутат Садыр Жапаров да болгон. Алар 16 жылдан кийин гана жолугушту.
Аскар Акаев "Кумтөр" боюнча жооп бербеши мүмкүн, анткени ал эч нерсеге кол койгон эмес, бирок башкалар, анын ичинде азыр чоң кызматтарды ээлеп жаткандардын тиешеси болушу мүмкүн. Ал эми Акаевдин келиши бул боюнча тергөөгө жардам берет. Бирок мен ал жөнүндө эмес. Өлкөнүн башка мамлекеттерге көз карандылыгы, миллионго жакын жарандарыбыз чет өлкөдө болгондугу, 400 миң жумушсуздар, анын менчиктештирүү программасы боюнча сатылган бир дагы заводдун иштебей тургандыгына жана башка көптөгөн нерселерге көз каранды экендиги.. Бул анын 15 жыл өлкөнү башкаруусунун жыйынтыгы эмеспи? Кийинки президенттер аны катуу урушумуш болуп, өжөрлүк менен саясатын улантышты.
1995-жылдагы президенттик шайлоо тууралуу көптөр билишпейт жана эстешпейт, анда көпчүлүк эл Абсамат Масалиевге добуш берген, бирок бул кызматка Акаев келген. Социализмди биздин бардык президенттерибиз кыйратып, анын ордуна жаңы нерсе кура алышкан жок... Менин оюмча, Акаевди улгайган адам катары гана кароого болот... Андан ашык эмес. Көп сүйлөгөнүм үчүн кечирим сурайм, бирок кармана алган жокмун", - деп жазган Масалиев.
2-августта Аскар Акаев өлкөгө келген. Ал алгач мамлекеттик резиденцияга барып Садыр Жапаровго жолугуп, андан соң УКМКга "Кумтөр" иши боюнча сурак берип чыккан.