УКМК тарабынан кармалган Мелис Аспековдун камактагы мөөнөтү октябрь айына чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда сотто Аспековдун иши каралууда.
"Бүгүнкү соттук отурумда сот тарабынан жабырлануучу Р.Мирзомудинов суракка алынды. Андан сырткары Мелис Аспековдун камактагы мөөнөтү 3-октябрга чейин узартылды. Кийинки соттук отурум 7-сентябрь саат 15:00гө жылдырылды", - деп жазылат маалыматта.
Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.
Кийин тергөө абагында отурган активист Аспеков Фейсбуктагы баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.
Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган.