Бүгүн, 3-августта кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында украиналык балбан Ирина Коляденко менен кез келип, финалга чыкты. Анда Тыныбекова атаандашын 10:0 эсебинде жеңип алды.
Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип , чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жеткен.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова өлкө тарыхындагы кыз-келиндер арасында биринчи жолу финалга чыкты. Айсулуу баракелде!