Баткен облусунун Лейлек районунда нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, сел Ак-Терек, Ак-Суу, Катраң айылдарында, Таңгиоозу жана Калтарык тилкелеринде жүргөн. Жеринде куткаруучулар жана техникалар селдин кесепеттерин жоюу иштерин аткарып жатат.
Район боюнча селдин тийгизген кесепети төмөнкүчө:
- 21 турак үйдүн ичине сел суулары кирип жабыркады;
- 14 турак үйдүн тамаркасына сел суулары кирген;
- 213 метр ички жолдор жабыркады.