"Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Талант Узакбаев күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Узакбаев күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 300 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген.
Экс-депутат ушул жылдын 31-майында УКМК тарабынан кармалган.