Бакыт Аманбаев Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын делегациясы менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев
30-октябрда Европа кеңешинин
Парламенттик
ассамблеясынын
делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан
билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Аманбаев Акыйкатчы институтунун реформалоодогу пландары
жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгү адам укугу жана
эркиндигинин сакталышына кызыгышты. Талкууда коомдогу коррупциялык көрүнүштөрдүн
жарандардын укуктарына тийгизген таасирине басым жасалды. Акыйкатчы конокторду демократиялык жол менен жарандардын укугун жана эркиндигин коргоп
жаткан Акыйкатчынын аппаратынын иши менен
тааныштырды.