Түркиянын Болу шаарында өткөн пара жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде Арстанбек Базаркулов 2 медаль ( 1 алтын, 1 коло) жеңип алды. Бул тууралуу спортчуга байланышканыбызда билдирди.
Анын айтымына караганда, эл аралык турнир 1-2-августта болгон. Ошондой эле аталган турнир Токиодо өтө турчу Паралимпиада оюндарына даярдык катары өткөрүлдү.
"Ядрону түртүүдөн ( 8 метр 20 сантиметр) алтын медалга, ал эми найза ыргытуу (23 метр) боюнча коло медалга жетиштик.
Буюрса, Токиодо өтө турчу XVI Паралимпиада оюндарына 20-августта барабыз", - деди Базаркулов.
Арстанбек Базаркуловдун машыктыруучусу Алмаз Абиров.
Эскерте кетсек, Арстанек Базаркулов Токиодо өтө турчу XVI Паралимпиада оюндарына биринчи болуп лицензия жеңип алган.