Жантөрө Сатыбалдиев: “Энергетика Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азиядагы орчундуу маселе”
Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн “Энергетика секторун реформалоо” атылыштагы эл аралык конференцияда “Энергетика Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азиядагы орчундуу
маселе” деп билдирди. Аталган
конференция энергетика тармагындагы
көйгөйлөр менен жакындан таанышууга мүмкүндүк берерин кошумчалап: “Өкмөт энергетика
секторун реформалоо боюнча планды жактырды. Анда компаниялардын ишиндеги
эффективдүүлүк, каржы жаатындагы туруктуулук, энергетиктерге калктын ишенимин
арттыруу маселелери каралган. Энергетика тармагында 2009-жылдан бери баалар
саясаты өзгөргөн жок. Инфляцияны эске алганда да, бул тармакта көйгөйлөрдү
чечүү кыйын”,- деди Сатыбалдиев.