Борбор калаадагы айрым ишканаларга таштандыларды белгиленбеген жерге ыргыткандыгы үчүн айып салынат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн сайын муниципалитеттин Санитардык-экологиялык инспекциясынын командасы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
"Байтик баатыр көчөсү санитардык нормаларды жана талаптарды бузгандарга "бай" болуп чыкты. Ал жерден таштандыларды белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн "Турбо Трейд" жана "Фикс первый" компанияларына 71-берененин 1-бөлүгү боюнча 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мичурин көчөсүндө жайгашкан "Бакай Банк" жол конструкцияларын кароо эрежесин бузгандыгына байланыштуу "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 119-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 23 миң сом өлчөмдө айып тартышат.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар, таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытпаңыздар, өрттөбөңүздөр. Тазалыкты сактаңыздар", - деп айтылат маалыматта.