Осмонбек Артыкбаев: “Кыргызстанда энергетика тармагы кризиске туш болуп жатат”
Кыргыз Республикасынын Энергетика
жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 31-октябрда эл аралык
“Энергетика секторун реформалоо”
конференциясында “Кыргызстанда энергетика тармагы кризиске туш болуп жатат”деп
билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы 1-апрелге карата Токтогул суу
сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард метр кубду түзүүсү үчүн бардык
жашоочулар электр энергиясын пайдаланууда лимитти сакташы керек.“Ошондо
кийинки жылуулук берүү сезонуна даярдык көрө алабыз. Энергетика тармагындагы
каржы таңсыктыгы 6 миллиард сомду түзөт. Энергетиктерге жеке казынасынан калкты
каржылоого туура келип жатат”,- деди Артыкбаев. Аталган тармакта реформалоо
жүрүп жатканын жана 2015-жылы республика боюнча 750 миң “акылдуу эсептегич”
коюларын кошумчалап: “Бул жоготууларды кыскартууга мүмкүндүк берет. Бирок каржы
таңсыктыгын жоюу үчүн бааларды көтөрүшүбүз керек. Ким комфортто жашагысы келсе,
электр энергиясы үчүн көп төлөшү керек”,- деди министр.