"Барселона" Лионель Мессинин клубдан кетерин жарыялады

"Барселона" клубу команданын капитаны Лионель Мессинин кетерин жарыялады. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тараптар экономикалык эрежелерден жана чектөөлөрдөн улам жаңы келишимге кол коё алышпайт. Ошондой эле бул Испания лигасынын эрежелерине байланыштуу экенин клубдун расмий сайтында белгиленген.
Буга чейин Лионель Месси 30-июнда келишими аяктаган "Барселона" клубунун кайра жаңы сунуштаган келишимине макул болгондугу, бирок бул келишим тууралуу расмий жарыялана электиги тууралуу маалымат чыккан.
34 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын каталониялык клубда өткөргөн. "Барселона" менен Месси төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pankration_MMA
2021-08-06 00:35:09
Өтө соонун. Эми Сити же Псжга барат!
0
Real98
2021-08-06 07:06:55
Жашоо бумеранг деген ушул окшойт,бир кездери Рон Реалдан кеткенде үстүбүздөн күлүшкөн Мессинин фанаттары. (Месси үчүн чындап кайгырдым,кетпеш керек эле). Мессинин фанаттарына жаман болот эми талтайып...
+3
aziret-92
2021-08-06 10:42:56
ПСЖга барат го дейм,бирок Франциянын футболу БундесЛига,АПЛ,ЛаЛига,Сериа Адай кызыбайт баарыбир.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан