Өкмөт башчы: “Энергетика тармагын башкаруу алсыз болуп жатат”

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 31-октябрда "Энергетика секторун реформалоо” эл аралык конференциясына катышып жатып “энергетика тармагын башкаруу алсыз болууда” деп билдирди. Анын айтымында, энергетикага тиешелүү маселелерди эл аралык деңгээлде талкуулоо тармактагы башкарууну жакшыртып, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. “Энергетика өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат. Бирок акыркы убактарда каржы-экономикалык көрсөткүчтөр азайып, авариялык өчүрүүлөр көбөйүп жатат. Мындан сырткары тармакты башкаруу алсыз болууда. Комплекстүү чараларды көрүп, реформа жүргүзүү керек”,- деди Сатыбалдиев. “Кризиске карабай “Датка”, “Кемин” станциялары жана Жогорку Нарын каскады ишке киргизилди. Жакында Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздерин иштеп чыгуу аяктайт”,- деди премьер-министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан