"Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Түп районунда жаз айларында болгон жер титирөөдөн зыян тарткан 300дөй адам азыркы мезгилге чейин туугандарыныкында жашап, садага тамак ичип жатышат, качан өкмөттөн жардам болот?" - деди «Республика» фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев 31-октябрда ЖКнын пленардык жыйынында.
«Өкмөт, буга көңүл буруп койгула» деп айтып келе жатабыз, бирок эч натыйжа чыкпай жатат. 9 ай өттү. Сертификат, бир тыйын албаган үй-бүлөлөр дагы деле бар. 500 миң сомдон берип коюшту, бирок азыр көмүрдүн баасы 8-9 миң сом болуп турганда үйлөрүн кайра калыбына келтирүүгө мынча акча жетпейт. Жакында кышка болгон даярдык маселеси каралат, кантип биз өкмөткө баа беребиз? Буга ким жооп берет?» - деп cуроо салды К.Дыйканбаев.
Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын катчылыгы бүгүн, 31-октябрда билдирди.