Улукбек Марипов Каракол шаарындагы "Бугу Эне" зоопаркына барды

Улукбек Марипов Каракол шаарындагы "Бугу Эне" зоопаркына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, зоопаркта айбанаттардын жана куштардын 30дан ашуун түрү бар.

"Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бул уникалдуу зоопарк жана ага колдоо көрсөтүү зарыл. Ал өзүнүн резервдик фондунан зоопарктын жетекчилигине 50 миң сом берди.

Кыдыруу учурунда заманбап зоопарктын башкы планынын долбоору тартууланды.

Улукбек Марипов жергиликтүү бийлик органдарына зоопаркка ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жакында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштерине көмөк берүүнү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rahat73.
2021-08-06 18:51:43
Колдош керек бирок көп карышкырдын кереги жок да
0
Alinur96kg
2021-08-06 22:35:57
120 депуттаты деле кошо золпаркка камап койуш керек.Кемируучу жегичтер деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан