Борбор Азия мамлекет башчылары жолугушуунун жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Бүгүн, 6-августта Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Борбор Азия мамлекет башчылары Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

5-6-августта Түркмөнбашы шаарында (Түркмөнстан) өткөн Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышты.

Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация тармактарындагы региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашты.

Ар бир президент мамлекеттеринин региондогу тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо кызыкчылыгында ачык жана кеңири кызматташууга даярдыгын билдирүү менен тарыхый жактан түзүлгөн достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ырааттуу процессин белгилеп, баяндама жасашты.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан