Гүласал Садырбаева: "Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айынан Ош аэропортунун VIP-залына кире албай калдык"
Н.Исановдун 70 жылдыгын майрамдоодон кийин бир нече депутат премьер-министр
Жантөрө Сатыбалдиевдин айынан Ош шаарындагы аэропорттун VIP-залына кире албай калышкан. Бул тууралуу 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин пленардык
жыйынында депутат Гүласал Садырбаева билдирди. “Биз иш-чара аяктагандан кийин
Ош шаарынын аэропортуна келдик. Биздин унааларды кортеж келет деп киргизбей
коюшту. VIP
залга кирели десек, аэропорттун жетекчилиги ачкычты күзөт кызматкерлери алганын
айтышты. Биз кызматкерлерге ачкычты берүүсүн суранганда алар Жантөрө Сатыбалдиев
келерин айтышты. Башка залга киргенден кийин залды ит менен текшерүү жүргүзүлдү.
Биз премьер-министр менен бир иш-чарадан келе жатканбыз”,- деди Садырбаева.