Өлкөдө бир сутка аралыгында коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 12ге өстү. Муну менен медицина тармагынын 6 миң 588 кызматкери илдеттен жабыркады. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, соңку сутка ичинде ооруну жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан.
Бишкек- 5;
Ош - 1;
Баткен облусу - 2;
Жалал-Абад облусу - 1;
Ысык-Көл облусу - 3.
Ал эми бир суткада стационардан 8, үй карантининен 24 дарыгер чыгып, жалпы айыккандардын саны 6 миң 75 болду.