Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен 2 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен көз жумгандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирет.
Белгилүү болгондой, каза болгондордун бири Бишкекте, экинчиси Чүйдө катталды.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпы 2 миң 950 адам каза болду.