Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү: "Коронавирус жуктурган адамдын бири Испаниядан келген жаран менен байланышта болгон"

Бүгүн, 25-мартта саат 15:00гө карата коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал тууралуу онлайн маалымат жыйыны өтүүдө.

Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат берип жатат.

Бүгүн саат 15:00гө карата дагы эки жаранда коронавирус катталды. "Алардын бири Испаниядан учуп келген жаран менен байланышта болгон. Ал жаран кайра Испанияга учуп кеткен. Ал эми бир жаран Бириккен Араб Эмираттарынан келген", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Usow
2020-03-25 15:51:23
Эмне себеп менен келген экен аныктадынарбы, келгенде да бир адамга жуктуруп кайра учуп кетиптир
+3
lazygirl
2020-03-25 16:00:07
Usow,бир эле адам болсо го жакшы, Испаниядан келген адам канчасы менен контактта болду.
+2
suluktu
2020-03-25 16:06:41
Usow,Айтып турбайбы неге келгенин контактта болуп кеткен деп)))
+3
JaneEr
2020-03-25 15:56:18
Вирус таркатканы келиптирби Испаниядан?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан