УКМК тарабынан "Азия ньюс" гезитинин башкы редакторуна карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашат.
"6-августта Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнө (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу (жек көрүү) ылайык, "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору А.С.га карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды
Бул факты боюнча А.С. интернетке жарыялаган материалда аймактар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экендиги боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды", - дешти маалымат кызматынан.
Кечээ, 6-августта социалдык тармакта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовго карата "Бул итибайдын ошский "ромашкалары" кимге керек? Ушуну кантип чыдап угуп отурушат" деген постун жазган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар муну трайбализм катары мүнөздөгөн, ал эми калаа башчысынын кеңешчиси талкуу жараткан пост боюнча УКМК сөзсүз түрдө чара көрүшү керектигин билдирген.