Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 7-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тоң районунун Оттук айылына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган айылда селдин кесепетинен 320 турак үйдүн короолорун, 64 турак үйдүн ичин суу каптады, 3 үй авариялык абалда.
Министрлер кабинетинин башчысы турак үйлөрдүн абалын карап чыгып, бардык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ал жарандарды өзгөчө кырдаалдарга карата үйлөрүн камсыздандырууга чакырды.
Улукбек Марипов ошондой эле Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы "Кредо-Бак" кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ишкана мөмө-жемиш ширелерин жана пюрелерди чыгарат. Жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткыч жабдуулар бар. Мындан тышкары уюм нан азыктарын чыгарат.