Олимпиадага катышкан курама команданын мүчөлөрүн сыйлоо аземи жакында өтөт

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан улуттук курама команда толук курамда чогулгандан кийин спортчуларды жана машыктыруучуларды расмий түрдө сыйлоо иш-чарасы болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта "Ала-Тоо" аянтында Токиодон кайтып келген улуттук курама команданын мүчөлөрүн сый-урмат менен тосуп алуу салтанатында белгиледи.

Садыр Жапаров команданын мүчөлөрүн куттуктап, аларды Токиодогу жайкы олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышып, мекенине жеңиш менен кайтып келиши менен куттуктады.

"Олимпиадалык медалдарды, спорттук мыкты жыйынтыктарды, спортчуларыбыздын жетишкендиктерин өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына татыктуу белек деп эсептеймин. Сиздер бардык кыргыздын, күйөрмандардын үмүтүн актап, элибизди кубанычка бөлөдүңүздөр!

Олимпиада оюндарында дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүнөн 12 миңден ашык спортчу катышууда. Ал эми Кыргыз жергесинен 16 спортчу катышып, күрөш боюнча улуттук командабыз 3 медаль утуп алды. Кыргыздын кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарынын эки медалына ээ болдук. Баатыр энелерибиз Кызсайкалдын, Жаңыл Мырзанын руху тирүү экен, алардын кайратын, баатыр мүнөзүн кыздарыбыз көтөрүп жүргөн экен, эчен ирет Азия чемпиондуктарын, дүйнө биринчиликтерин утуп жүргөн Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын күмүш медалын, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалын жеңип, жалпыбызды сүйүнтүп отурат.

Күрөш өнөрүнүн эң мыкты үлгүсүн көрсөтүп, чеберчилиги менен көпчүлүктү суктандырган Акжол Махмудовду өзгөчө белгилегим келет! Уул-кыздары үчүн күйгөн жүз миңдеген мекендештерибиз мелдешүүлөрдү түз ободо көрүп, бүтүндөй Кыргыз мамлекети силерди сүрөп турду. Мен да финалдык беттештерди үй-бүлөм менен чогуу көрдүм. Силер зор чеберчиликти, эрк-кайратты көрсөтүп, өлкөбүздүн намысы үчүн күрөштүңүздөр", - деди ал.

Садыр Жапаров Кыргыз курама командасынын башкы, улук жана биринчи машыктыруучуларына өтөгөн эмгеги, сабырдуулугу жана мээрими үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

"Сиздердин мээнетиңиздердин аркасында биздин спортчуларыбыз ийгиликтерге жетишүүдө. Ошондой эле биздин спортчуларыбыздын ата-энелерине да ыраазычылык билдирем. Спортчулардын өнүгүүсүндө ата-энелердин ролун баалоо кыйын, сиздер балдарыңыздардын спорттогу ийгиликтерине жана жыйынтыктарына чоң таасир этесиздер. Спортчу уул-кыздарыбыздын ийгиликтерине дагы көп ирет чогуу кубаналы.

Урматтуу спортчулар, машыктыруучулар! Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн атын чыгарып, намыска жарадыңар. Силер Олимпиада оюндарынын медалдарына гана эмес, Кыргыз мамлекетинин жогорку сыйлыктарына да татыктуусуздар", - деп белгиледи президент.

"Токио-2020" Олимпиада оюндары Кыргыз өлкөсүнүн спорт тарыхындагы эң ийгиликтүү оюн болду. Белгилей кетсек, бүгүн олимпиадалык команданын 11 мүчөсү өз мекенине кайтып келишти, Японияда калган ата мекендик спортчулар бир нече күндөн кийин кайтышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан