Бүгүн, 7-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан улуттук курама команданын 11 мүчөсү өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу салтанаты "Манас" эл аралык аэропортунан башталып, "Ала-Тоо" аянтындагы концерттик иш-чара менен жыйынтыкталды.
Коомдук тартипти камсыздоого шаардык милиция кызматкерлери тартылып, мобилдүү пункттар түзүлгөн. Коопсуздукту камсыздоо учурунда өткөрмө пункттан тыюу салынган каражатты алып өтүүгө аракет кылган жаран аныкталды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 28 жаштагы А.А. травматикалык тапанча алып жүргөнү аныкталды. Ал Ленин РИИБине жеткирилип, тиешелүү протоколдун негизинде айып пул салынды.
Мындан башка тартип бузуулар катталбаганын кошумчалашты башкармалыктан.