Жалал-Абадда аскердик бөлүктүн жоокерлеринде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлер байкалган. Алгач алардын саны 44 болсо, кийинчерээк 56га жеткенин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкан.
Белгилүү болгондой, Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө 90 адам коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын алышкан. Андан кийин аскерлерде терс таасирлер байкала баштаган.
Бул окуядан кийин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вакциналардын коопсуздугуна мониторингди күчөтүү боюнча чараларды көрүп, AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтоткон. Аталган вакцинаны колдонуу эртең, 9-августта кайра жанданарын министрликтен билдиришти.
"Вакцина алгандан кийин байкалган терс таасирлер организмдин коргонуу жообу катары эсептелет. Иммундаштыруудан кийинки жагымсыз окуя жаш куракка мүнөздүү болгон эмдөө жөнүндө тынчсыздануу (коркуу, тынчсыздануу) менен байланышкан реакция катары бааланды. Ковид-19га каршы вакцина алгандан кийин келип чыккан бардык жагымсыз окуялар олуттуу эмес", - дешти министрликтен.