Республика боюнча күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Анын бирөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 22-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
"Бүгүнкү күнгө карата күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Алар ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Бир кызматкер оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деди ал.
Анын айтымында, кызматкерлер коронавирус аныкталган жарандардын жакындары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алышкан.