Бүгүн, 31-октябрда маалымат жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун “Кумтөр” боюнча пайдасыз келишим түзүүгө катыштыгым жок” деген сөзүнө ишенбей турганын билдирди. Айта кетсек, Р.Жээнбеков Мамлекеттик мүлк фондун башкарып турган учурда аталган келишимге орун басары кол койгонун буга чейин айтып келген.
“Орун басар эч качан саясий чечим кабыл ала албайт. Баарын жетекчи чечет. Мисалы, менин орун басарларым өз алдынча документтерге кол коё беришсе эмне болот? Жетекчинин жоопкерчилиги болушу керек”,- дейт өкмөт башчы.