Азыркы учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө түрдүү тармактар боюнча билим алып, иштеп жаткан кыргыз жаштарынын саны күн санап өсүүдө. Бул жолу дымактуу жаштарыбыздын бири учурда Даниянын "Norgaard" фермасында ветеринар болуп эмгектенип жаткан 25 жаштагы Ибрагим Абдыганыев менен маек курдук.
Окуудан кийин орус, англис тилдерин окучумун
- Ош облусунун Ноокат районунан болом. Кесибим боюнча ветеринармын. Өзүм айылда өскөндүктөн, мал-жанга аралашып чоңоюп бул кесипке кызыгуум ушундан улам башталган. 2014-жылы мектепти бүтүп, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын аларым менен Бишкекке карай жол тарттым. Кудайдын буйругу менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетине кабыл алындым.
Менин ушул убакка чейин кичинекей жетишкендиктерим дал ушул жерден башталды. Айылдан билимге суусап келип окууну бар күчүм менен баштап, 2-курстун жарымынан стипендия ала баштадым. Окуудан кийин орус, англис тилдерин окучумун. Эң алгач чет өлкөгө чыгуум Москвадан башталды. Чаянованын 130-жылдыгына карата студенттер жана аспиранттар ортосундагы 18 өлкө катышкан илимий конференцияга бизде актуалдуу болгон жылкынын маңка ылаңын жактап катышып келдим. Андан көп өтпөй каникул учурунда Түркия өлкөсүнө барып келдим. Келерим менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен түрк тилин окудум. Бош убактымда ыктыярчылык кылчумун.
Данияга келүү мен үчүн оңой болгон жок
- Студенттик учурумда эле Европа өлкөлөрүнөн тажрыйба алып келүүгө максат койгон элем. Каалоолорум четинен аткарылып жатканына шүгүр келтирем. Чындыгында Данияга келүү мен үчүн оңой болгон жок. Жогоруда айтканымдай эле 1-курсумдан баштап англис тилин курстарда, университеттерде окуп жүргөн кезимде Даниядагы "Vestervang" фермасы менен келишим түзүүмө "Work Study Programs" компаниясы көмөктөштү. Бул үчүн менден Cambridge'тин сертификаты, дипломум, мотивациялык кат талап кылынды. Виза алганыма чейин жалпысынан 1 жыл убакыт кетти.
Биз жаныбарлар менен адамдардын ортосундагы көпүрө сыяктуубуз
- Менин кесибим жардам сурай албагандарга багытталган. Аларга жардам берүү үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм. Биз жаныбарлар менен адамдардын ортосундагы көпүрө сыяктуубуз. Учурда "Vestervang" фермасынан стажировканы ийгиликтүү аяктап, "Norgaard" фермасында эмгектенип жатам. Бул жерден көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнүүдөмүн.
Биздин мекенибиз менен бул жерден негизги айырмасы технология, аба, тамак-ашында. Бул жерде малдардын жугуштуу ылаңдары дээрлик жокко эсе. Дания менен Кыргыз өлкөсүнүн окшоштуктары бар. Мисалы, калкынын саны, өлкөнүн көлөмү жана экономикасынын негизги бөлүгүн айыл чарба ээлегендиги сыяктуу окшоштуктары бар.
Ийгиликке жетүү үчүн адамда каалоо болушу керек
- Чет өлкө мени ар бир кыймылыма өзүм гана жооптуу экенимди үйрөттү. Мекен деген сөз канчалык баалуу экенин түшүндүрдү. Менден кичүү муундагы жаштарга айтарым окугула, тил үйрөнүп чет өлкөгө чыккыла. Бир бөлмөдө туруп экинчи бөлмөнүн кандай экенин билбейсиңер. Эгер чет өлкөгө чыксаңар, канчалык артта калганыбызды түшүнөсүңөр. Ошол эле маданият, экономика, медицина жана башка жактардан. Ийгиликке жетүү үчүн адамда каалоо болушу керек деп ойлойм. Айтышат го, айткан сөзүң баарына белгилүү болушу мүмкүн, бирок ичиңдеги руханий күч өзүңө гана белгилүү деп. Ошондуктан адамда бир нерсеге жетүү үчүн биринчиден каалоо, ишенич болушу керек.
Ветеринарлар жакшы иштесе, адамзаттын дени сак болот
- Жогоруда мен өткөндү эстеп, азыркыны айттым. Эми келечектеги максаттарым менен бөлүшөйүн. Менин биринчи максатым Кыргыз өлкөсүнүн ветеринариясын оңдоо. "Медицина адамды дарыласа, ал эми ветеринария адамзатты дарылайт" деген сөз бар эмеспи, чындыгында ветеринарлар жакшы иштесе, адамзаттын дени сак болот.
Мисалы, мен Данияга келип, бир жолу да сасык тумоо же башка оору менен ооруган жокмун. Келгениме эки жылдын жүзү болду. Кыргыз өлкөсүндө канчалаган мекендештерибиз онкологиялык оорулар менен ооруп жатышат, канчалаган мекендештерибиз бөйрөктөрүн алмаштырып жатышат. Мунун баары тамак-ашыбызга келип такалат. Албетте, бул маселелерди жалпыбыз чогуу гана чече алабыз. Айтор, менин максатым чет өлкөдөн үйрөнгөн нерселерим менен мекениме салым кошуу.
Тил билсең, дил билесиң
- Менден көп жаштарыбыз тил билип барышым керекпи деп сурай беришет. Ооба, тил бул дүйнөгө карай ачылуучу эшик. Тил билсең, дил билесиң. Тил билбесең чет өлкөдө сакоосуң. Ошондуктан тил эң зарыл болгон нерсе. Тил үйрөнүүдө кеңешим "just do it" Эртең окуйм, бүрсүгүнү окуйм деп жүрө бербе. Ар күн сайын үчтөн сөз жатта. Чакага тамчы тамса бир күн келип, албетте, ал чака толот. Менин кеңешим ошол.