Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө түрдүү тармактар боюнча билим алып жаткан кыргыз жаштарынын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө тил үйрөнүү үчүн керек болсо ошол тилде сүйлөгөн өлкөлөргө барып, терең өздөштүрүп келе жаткан жаштарыбыздын катары калың. Бул жолу мына ушундай дымактуу жаштарыбыздын бири, азыркы учурда АКШнын Вашингтон штатындагы Green River колледжинде билим алып жаткан 20 жаштагы Шераман Суеркулов менен маек курдук.

Менин атым Шераман. АКШнын Вашингтон штатында Green River деген колледжде окуп жатам. АКШга документтерди атайын консалтинг компаниясы менен топтоп, TOEFL-экзаменин жакшы тапшырып, 120 баллдан 93 балл алып өткөнмүн.
10 жыл түрк лицейинде окудум, бирок 10-классты аяктап жатып, АКШ жөнүндө ойлонуп калдым. Англис тилим жакшы эмес болчу, жайкы каникулда 3 курска жазылып окуп баштадым. Лицейден окууга алаксып калбайын деп мамлекеттик мектепке сырттан окуу форматында тапшырдым. 7 ай абдан катуу англис тилин окудум. Ата-энем, ага-эжелерим бардык керек болгон нерселерге жардам берип, колдоо көрсөтүшкөн. Тил курстарыма айына 10-12 миң сом кетчү, ата-энем билимиме жакшы инвестиция кылышты.

TOEFL - тестин тапшырыш үчүн бардык тышкы көңүлдү алуучу нерселерден алыстагам. Негизи эле эң маанилүүсү виза алуу, аны алуу үчүн абдан жакшы сүйлөө керек. Андан башкасы оңой эле.
Бул жакта окугуңуз келсе программист кесибине тапшыруу керек деп ойлойм.Чынында окуу кыйын деле эмес, бир учурда окуп жана иштөө кыйын. Экөөнү айкалыштырууга көп жаштардын күчү жетпей калат. Айтаарым, бул жакка магистратурага келген оң экен.

Бул жакка келген соң жашоом 180 градуска өзгөрдү. Көз карандысыз болуп, бардык көйгөйлөрдү өзүң чечип, өзүңдү-өзүң алдыга сүрөп калат экенсиң. Достуктун, жакшы адамдар жана жөн гана жылуу төшөк, ысык тамактын кадырын билдим. Үй-бүлөнүн кадырын биле баштайсың, алар менен байланыш күчөйт. 18 жашка чыккандан кийин дагы деле үйдө калган балдар өздөрүнө бут тосушат деп ойлойм.

"Жакшы китептерди окуп, чөйрөгө маани берип, сизди артка тарткан адамдардан арылууга үндөйм. Эң башкысы - багынбаңыз жана урунбаңыз. Келечектеги максаттарым - АКШда өзүмө жаккан, кызыктуу, жогорку маяналуу жумуш табуу. Ата-энеме кыймылсыз мүлк сатып берүү жана жакшы бүлө куруу. Эң фантастикалуу нерселердин ичинен Кыргыз өлкөмө мектептерди куруу.

Тилди үйрөнүүнүн эң оңой жолу - ошол тилде телеберүүлөрдү жана YouTube каналдарды көрүү. Биз көрүп, угуп үйрөнөбүз. Сөздөр жазылган карталар, күнүмдүк кайталоо жана ырааттуулук. Ар кандай ыкмаларды колдонуп көрүңүз жана мыктылардан үйрөнүңүз. Тил илим эмес, белгилүү бир сөздөр бар, 10 миң дейли, алардын ичинен 5 миңин үйрөнүңүз, ошондо үйрөнүп жаткан тилди толугу менен түшүнүп баштайсыз.
