Премьер-министр "өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок" дейт
Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өкмөткө ишенбөөчүлүк
көрсөтүүгө негиз жок деп эсептейт. Бул тууралуу премьер-министр бүгүн,
31-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн ишине бир гана "Кумтөр" боюнча эмес, жалпы баа берилиши керек. “Мен азырынча өкмөткө ишенбөөчүлүк
көрсөтүү тууралуу маселе коюуга негиздерди көргөн жокмун”, - деди Сатыбалдиев. Буга чейинки Жогорку Кеңештин жыйындарында өкмөт "Кумтөр" боюнча маселени канааттандырарлык чечпегенине байланыштуу депутат Эркин Алымбеков ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин айткан.