“Экономикалык жактан алып караганда, Кыргызстанда казинолордун кайрадан ачылышын колдойм. Бирок саясий чечимди коомчулук кабыл алышы керек”,- деди 31-октябрда маалымат жыйында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев. “Өкмөт экономикалык бөлүгү боюнча гана макулдук берет. Мындай сунушту парламенттин айрым депутаттары да айтууда. Ал эми казинолорду ачуу боюнча биз чечим кабыл албайбыз”,- деди Сатыбалдиев.
Айта кетсек, казинолордун иштешине Жогорку Кеңеш 2 жыл мурун тыюу салган. Аларды кайрадан ачуу демилгесин депутаттар Игорь Гусаров менен Замир Бекбоев көтөрүүдө.