"Бөлүнгөн каражатка туура келбейт". Казакстандын президенти Олимпиада оюндарына катышып келген спортчуларына кайрылуу жасады

Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышып келген спортчуларын куттуктап, жалпы жыйынтык бөлүнгөн каражатка туура келбей тургандыгын белгиледи. Бул тууралуу президент өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазып калтырган.

"Токиодогу Олимпиада оюндарына Казакстандан 93 спортчу катышты. Жеңишке умтулганын жана чеберчилигин көрсөткөн спортчуларга ыраазычылык билдирем. Олимпиаданын коло медалчыларын куттуктайбыз, бул алардын көп күндүк талыкпаган даярдыгынын таасирдүү жыйынтыгы. Бирок улуттук курама команданын акыркы жыйынтыгы 8 коло медаль болду жана командалык эсепте 83-орунга жайгашты. Бул көрсөткүч Казакстандын спорттук потенциалына жана мамлекеттин спортту өнүктүрүүгө жумшаган олуттуу каражатына туура келбейт", - деп жазды Токаев.

Мындан тышкары Токаев Казакстан спортту өнүктүрүүдө маанилүү реформаларды жасашы керектигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2021-08-10 10:44:23
Бирже жигит жоо журот,бирде жигит тоо минет.ар дайыи эле силер каалагандай боло бербейт да.аракет кылышты да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан