Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Ачык эшиктер күнү өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда 31-октябрда Ачык эшиктер күнү
өтүүдө. Борбордогу жогорку окуу жайларынын студенттерин Жогорку Соттун жетекчиси
Феруза Жамашева тосуп алды. Аталган иш-чара Жогорку Соттун негизделишинин 90
жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүлүп жатат. “Бүгүн студенттерди чакырууну
чечтик. Көпчүлүгүңөр келечекте ушул жерде иштеп калышыңар мүмкүн”,- деди
Жамашева.