Футбол: "Кош легенда". Лионель Месси "Барселона" клубунун оюнчулары менен кучакташып коштошту (видео)

Бүгүн, 10-августта атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси "Барселона" клубунун футболчулары менен коштошуп, клубдун базасынан чыгып кетти. Бул тууралуу каталондук клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Видеодо көрүнгөндөй, Лионель Месси клубдун бардык оюнчулары, анын ичинде башкы машыктыруучу Рональд Куман менен кучакташып коштошкон.

Буга чейин Лионель Месси 30-июнда келишими аяктаган "Барселона" клубунун кайра жаңы сунуштаган келишимине макул болгондугу, бирок бул келишим тууралуу расмий жарыялана электиги тууралуу маалымат чыккан. 6-августта клуб футболчу клубдан кетерин расмий жарыялаган.
34 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын, тагыраагы 17 жылын каталониялык клубда өткөргөн. "Барселона" менен Месси төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.

Лионель Месси франциялык "ПСЖ" клубунун келишимине макул болгондугу айтылууда.
Лионель Месси "Барселона" клубунун оюнчулары менен коштошту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-08-10 18:40:32
Кучакташып коштошкон турбайбы,мен ойлопмун кол берип эле кетип калган турбайбы деп
+1
Pankration_MMA
2021-08-10 19:14:43
Барса легендаларын татыктуу узатат.
+3
ayzhan12
2021-08-10 19:33:20
Азаматсын Месси
+3
manatova
2021-08-11 11:16:38
Өлүп калгансып кош легенда дебегилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан