Бүгүн, 31-октябрда Оштун мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаарга жылуулук берүү тууралуу токтомго кол койду. Кол коюудан кийин Мелис Мырзакматов шаардагы “Жылуулук электр борбору” ишканасында болуп, жылуулук берүү системинин ачылышына катышты. “Метеорологдордун айтуусунда, быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыш суук болот. Эгер жылуулук берүү боюнча шаардыктардын үйүндө маселе жаралса, тиешелүү жетекчилер жоопкерчилик алат, үйлөр жылуу болушу керек”,- деди өз сөзүндө шаар башчы. Мындан сырткары “Жылуулук” ишканасынын жетекчиси Кубаныч Алишеровдун айтымында, акыркы 3 жылда шаарда жылуулук системине 3000ге жакын абонент туташтырылган. Үч күн аралыгында шаар жылуулук менен камсыз болуп бүтөт. Учурда бала бакчалар, ооруканалар жана мектептер жылуулук менен камсыздандырылды.