Өкмөт башчы “мен Данияр Үсөновдун ишин кайталабайм” дейт

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 31-октябрда маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди. Энергетика боюнча сөз кылган премьер: “Биз Данияр Үсөновго (ред. К.Бакиевдин тушундагы премьер-министр) окшоп кескин кадамдарга бара албайбыз. Электр энергиясына болгон бааларды 2 эсе көтөрбөйбүз”,- деди.  

Айтымында, электр жарыгына болгон баалар быйылкы жылуулук берүү сезону бүткөндөн кийин каралат. “Бул маселе боюнча коомчулук менен бир пикирге келгенден кийин гана баа маселеси чечилет. Азырынча баа мындай же тигиндей болот деп айта албайбыз. Бирок бааларды көтөрбөсөк, энергетика тармагында өнүгүү болбойт”,- деп кошумчалады ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан