"Таңга маал ымыркайдын үнү дааратканадан угулуп...". Токтогулда ташталган ымыркайдын окуясы боюнча иш козголду

Жалал-Абад облусунда дааратканага ташталган ымыркай тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, 11-август күнү болжол менен таңкы саат 06:00 чамаларында Токтогул РИИБине ӨКМнын кызматкерлери кайрылып, Токтогул районунун Сарагул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин дааратканасына ымыркай ташталганын айтышкан.

"Аталган дарекке тергөө-ыкчам тобу менен барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, текшерүү иштерин баштаган. Текшерүү учурунда 1962-жылы туулган А.С. аттуу жаран намаз окуу үчүн саат 05:00 чамаларында туруп, сыртка чыкканда дааратканасынан ымыркайдын үнүн угуп ӨКМга телефон чалган.

Кызматкерлер келип ымыркайды алып чыгып, ага дарыгерлер тарабынан алгачкы жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми табылган ымыркай Токтогул аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жеткирилген жана анын абалы канааттандырарлык экендигин дарыгерлер билдиришкен. Аталган факты боюнча топтолгон материал Токтогул РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arianaa
2021-08-11 11:24:24
Бироого кор бироого зар бала. Эх, кандай журогун чыдады болду экен дааратканадага таштаганга.
+8
Nursul
2021-08-11 21:31:45
Байкуш бала ал жерден аман калганына Кудайга миң шүгүр. Акмак ошентип таштагыла бирөөгө берип койбойт беле мага берсе багып алмакмын аялым жок болсо да. Таштаганына караганда нике менен боюнда болгон эмес бей нике бирөө менен кошулуп алдырсам кийин төрөбөй калам деп төрөп анан таштап кетип атканда мееси жок каргыш болсун силерге.
+3
KBD1987
2021-08-11 22:03:36
Ошол таштаган адамды сразу атуу зарыл,
+1
orun
2021-08-11 23:48:40
Кантип жүрөк дити барды ошого...!
0
nazira...
2021-08-12 01:16:47
Менин эшигиме таштаса кана эле, бирөогө зар бирөөгө кор бала. Эми бул күкүк энеси табылып абиири төгүлсө экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан