Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбековду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, соттук отурум бүгүн, 11-августта саат 9:00дө каралды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Жээнбековду 30-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Эске салсак, мурдагы депутат Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынган.