Жогорку Кеңеш: Карыздардын көлөмүнө чек коюу сунушталууда

Жогорку Кеңештин 31-октябрдагы “КРнын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутат Заирбек Жоошбековдун айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын ички дүң өнүмдөрүнө карата катышын сактоого багытталган. Ага ылайык, алынган карыз каржы каражатынын көлөмү өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Мындай чара Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун ар кандай тобокелчиликтин кесепеттеринен сактоого жардам бере турганын айтышат мыйзам демилгечилери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан