Парламент “Туризм жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду

Жогорку Кеңеште бүгүн, 31-октябрда туризм чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү жөнгө салууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Депутаттар "Туризм жөнүндө" мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулашты. Депутат Алла Измалкованын айтымында, мыйзам долбоорунда туризм тармагындагы кадрларды даярдоо, аларды стажировкадан өткөрүү, туристтерди тейлөө жаатындагы кызматтардын ишин жакшыртуу, ал багытта тажрыйба алмашууну өркүндөтүү чаралары каралган. Соңунда мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан