Бүгүн, 31-октябрда Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери шаардагы “Айдар-Ата” кафесин сүрдүрүүдө. “Жерди кайра кайтарып алуу үчүн аларга 10 күндүк мөөнөт бергенбиз. Бүгүн сүрдүрүүгө мажбурбуз, аталган кафенин ээси биздин ишкананы сотко бергендиги тууралуу кагазын көргөзүп жатат, шейшемби күнгө чейин жыйынтыкты күтөбүз. Эгер биздин тараптын кадамы туура болсо, анда кафени сүрдүрүп таштап, жерди кайтарып алабыз”,- дейт бул тууралуу аталган ишкананын башчысы Алимбай Кадыров. Эске сала кетсек, Сулайман тоонун аймагынан М.Айдарова аттуу жаранга жер тилкеси 5 жылга ижарага берилген. Жер ээси аймакка кафе курган, бирок жердин ижара мөөнөтү бүткөн. Учурда Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы өз эрки менен жерди кайтарып берүү тууралуу 10 күн мөөнөт беришти.