Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер боюнча аталган мекеменин түшүндүрмөсүн президенттик администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бул автоунааларды сатып алуу материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрация башчыларынын (акимдердин) ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.
Райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы жолу 13-15 жыл мурун сатып алынганын белгилеп кетүү зарыл. Алар техникалык жактан эскилиги жеткенине көп жыл болду. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү дайыма оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылууда.
Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды.
Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу иштери кайра дайындалган акимдердин эффективдүү иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө карай багытталган", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, автоунаанын көлөмү 2500 куб сантиметрден ашпашы керек жана өңү ак түстө болушу керек.
Кошумча талап катары, унаа жеткирилгенден кийин дароо айдоо үчүн техникалык кароодон өтүшү керек, анын ичинде редуктордогу жана мотордогу майы дагы. Эсептөөлөр боюнча, ар бир унаа 1,5 миллион сомго жакын (17,6 миң доллар) турат.