"Менин кызмат тапшыруумда эч кандай саясат жок". Таалайбек Сарыбашов билдирүү таратты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматын тапшырганын жарыялады.

"Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетүүнү чечтим. Ишеним көрсөткөн президентке ыраазычылык билдирем. 3 жыл ичинде Ош шаарына эл үчүн азда болсо кызмат кылдык. Жаңы максаттар менен Бишкек шаарын мындан да жакшы кылып оңдойбуз деп пландаганбыз. Менин кызмат тапшыруумда эч кандай саясат жок. Бул жеке чечимим. Биздин максат мамлекетке, элге кызмат кылуу. Алдыда жакшы максаттар бар", - деди Сарыбашов.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан