Феруза Жамашева: “Депутаттардын балдарына карата сот иши - эң чуулгандуулардын бири”

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева бүгүн, 31-октябрда Ачык эшик күнүндө борбор калаадагы жогорку окуу жайдын студенттери менен жолугушуу учурунда эң чуулгандуу сот иштерин атады. Анын айтымында, чуулгандуу сот процесстеринин тизмегине 2010-жылдагы 7-апрель окуясы, «Ата Журт» фракциясынын 3 депутатынын сот иши, коррупциялык иштер, Жогорку Кеңештин депутаттарынын балдарына карата сот иши кирет. Мындан сырткары көз карандысыз соттордун сот иштерин кароо боюнча суроолорго жооп берип жатып: «Сот чечим чыгарарда көз карандысыз болушу керек. Бирок соттук ишти карап жатканда элдер жолдорду бууп, митинг өткөрүшөт. Мындан улам көз карандысыз деп айтуу кыйын»,- деди Жамашева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан