Биз социалдык тармакта

Таалайбек Сарыбашов: "Парламентке барсам деген оюм бар, кеч боло электе мэриядан кетүү чечимин кабыл алдым" (видео)

Кызматтан кетүү арызын жазган Таалайбек Сарыбашов парламенттик шайлоого катыша турганын журналисттерге билдирди.

"Бул менин жеке чечимим болду. Президент Садыр Жапаров менен дагы макулдаштык. Бишкек шаары менен тааныштык. Өзүмдүн чечимим боюнча Жогорку Кеңешке барып, депутат болуп мамлекетке кызмат кылып, мыйзам жазсак деген ойдо кызматты кайра берип жатам. Себеби 26-августта шайлоо болот. Бул чечимди шайлоодон кийин кабыл албайын дедим", - деп билдирди Сарыбашов.

Сарыбашов кызматка келгенине 10 күн болгондо кызматтан кетүү арызын жазды. Анын ордуна Айбек Жунушалиев мэр болуп келди.

Сарыбашов парламенттик шайлоого аттана турганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mister-XXX
2021-08-12 17:08:58
Парламенттик шайлоого барса,кадыр-баркын жоготуп алат.
+9
talant87
2021-08-12 17:27:17
Мээрликта маскара экеенда бийликтегилерге мээрди койордон алдын суйлошуп элине жерине иштеп берем Деш керек жок дегенде 2жыл
+5
AdylbekB84
2021-08-12 18:56:00
Кашыктап жыйган кадыр баркын чөмүчтөп чачат экен демек!
+7
emirchik
2021-08-12 19:22:02
Молодец колдойбуз
0
Apyn8793
2021-08-12 20:15:41
Атаганат! Депутаттыка азыр барбай Бишкекте мэр болуп кийинки шайлоого чейин иштеп турса болмок экен.
Может авам депутаттыка озунун кишиси кылып жиберип атса керек.......
+2
JaneEr
2021-08-12 20:33:02
Иштеринизге ийгилик!
+1
Men_ele
2021-08-12 21:39:16
10 күн мэр боло калбай эле коой мен депутат болом деп койсо болбойт беле...?
+2
sotkasotovic
2021-08-12 22:29:41
Значит кысым болгон
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан