Камчыбек Ташиев: “Бийликке келсем элди жыргатам” дегендерден эл тажап бүттү”

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиев бүгүн, 31-октябрда Оштун Өзгөн шаарында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Анда экс-депутат элдин бийликке ишеними калбаганын билдирди. “Мен бийликке келсем жыргатам” деп бирөө келди жок, экинчиси келди жок, үчүнчүсү келди жок. Эмне кылышты билбей элдин башы маң. Кечээ эле “мен бүгүнкү бийликти тааныбаймын, бүгүнкү президентти тааныбаймын” деген адамдар бүгүнкү президенттин буйругу менен кызматка отурду. Кимисине ишенишибиз керек? Менимче, ар бирибиз айткан сөзүбүзгө турушубуз керек. Сөзүнө турган адам бийликке келгенде гана өлкө оңолот”,- деди Ташиев. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан